“Тазалык” муниципалдык ишканасы 5-июнь күнү Түркиянын Бишкектеги элчилигинин имаратынын алдынан бир нече жолбун итти аткан.
Элчиликтин кызматкерлери коопсуздук камерасындагы ит атуу учуру жазылып калган видеону "Фейсбуктагы" расмий баракчасына жайгаштырып: “Бүгүн эртең менен тапанчанын үнүнөн ойгондук. Элчиликтин негизги имаратынын алдында ургаачы ит күчүктөрү менен өлтүрүлдү”, - деген маалымат таратылган.
Түркиядагы айрым социалдык желе колдонуучулары муну Анкарага карата зомбулук катары да баалап жиберишти.
Бишкектин “Тазалык” муниципиалдык кызматынын ветеринардык көзөмөл бөлүмүнүн маалыматына караганда, ит атуу пландуу түрдө болуп, элчиликтин кызматкерлерине алдын ала эскертүү берилген. Элчилик жайгашкан райондун тургундары жолбун иттер адамдарга кол салып жатканы тууралуу арыз менен кайрылгандыктан, коопсуздук жоболоруна ылайык, көчөдөгү иттер атылган. (BCh)