Москвада Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында, Пермь, Ярославль шаарларында "Медуза" басылмасынын журналисти Иван Голуновду колдогон пикеттер уюштурулду.
Латвияда жайгашкан басылманын иликтөөчү журналисти Голунов 6-июнда Москвада кармалган, ал маңзат соодасына шек саналууда.
Аны колдогон пикетке жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Алардын айрымдарын полиция кармап кеткени кабарланды.
Голуновдун адвокаты журналисттин чөнтөгүнө жана батирине маңзат атайын ташталганын билдирген.
Кесиптештери журналисттин кармалышын анын ишмердигине байланыштырган. Эл аралык укук коргоо уюмдары бул Орусияда көйгөйдү жашырбай ачык жазган журналисттерге күчөп бараткан басымдын уландысы экенин айтып жатышат.