Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Атамбаев: "Сооронбай, кет" деп чыгабыз


Атамбаев митинг учурунда.
Атамбаев митинг учурунда.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев "Кыргызстанда бийликтин өзүмбилемдиги токтобосо, "Сооронбай, кет!",- деп чыгарын эскертти. Мындай пикирин 8-июнда Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) Бишкекте уюштурган митингде сүйлөп жатып айтты.

"Азыркы зөөкүрдүк, өзумбилемдик токтобосо, "Сооронбай, кет!" - деп чыгабыз. "Айланаңдагы кишилерди чогултуп, Кыргызстандан чыгарып кеткен акчаң менен кошо жогол" деп талап коебуз", - деди Атамбаев. Бирок кайсыл акча жөнүндө сөз болгонун тактаган жок.

Азырынча Жээнбековдун администрациясы буга комментарий бере элек.

Анын алдында Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимов иштеп жүргөндө мыйзамсыз иштерге барганы жөнүндө сүйлөгөн.

"Унчукпай турба! Үн кат!" деген ураан менен уюштурулган митингге Атамбаевден тышкары, партиянын саясий кеңешинин төрайымы Асел Кодуранова, парламенттин депутаты Анвар Артыков өңдүү саясатчылар да катышты. Уюштуруучулар миңден ашуун, байкоочулар миңге чамалуу адам келгенин билдиришти. (SE)

XS
SM
MD
LG