Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:39

КСДПнын митингинде бийликке эскертүү жасаган резолюция кабыл алынды


Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) Бишкек шаарында 8-июнда коррупцияга каршы өткөргөн митинги аяктады. Эки саатка созулган тынч митингде резолюцияда саясий куугунтукту, жемкорлукка каршы тандалма күрөштү токтотуу талап кылынды. Аны партиясынын саясий кеңешинин төрайымы Асел Кодуранова окуп берди:

"Эгерде жакынкы айларда өлкө президенти жана анын айланаcындагылар Кыргызстандын элинин жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тагдыры үчүн коркунучтуу саясий оюндарды токтотпосо, биз Сооронбай Жээнбековду мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү жөнүндө маселе коюуга аргасыз болобуз​".

Митингге экс-президент Алмазбек Атамбаев да катышып, бийликтин дарегине сын айтты.

"Медиа форум" имаратынын алдындагы митингде «азыркы бийлик жемкорлукка каршы бирдей күрөш жүргүзбөй, Атамбаевдин тарапташтарын, оппозициялык көз карашы бар жарандарды куугунтуктап жатат» деген өңүттөгү ойлор айтылды.

Бийликтен азырынча реакция боло элек. (SE\ErN)

XS
SM
MD
LG