9-июнда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Күндүз Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын болот. Чүйдүн тоо этектеринде катуу жаан-чачын, тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 24...29,
Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 21...26,
Нарын аймагында түнкүсүн 5...10, күндүз 18...23,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7...12, күндүз 18...23,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 4...9 градус болот.
Бишкек шаарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Түнкүсүн 12…14, күндүз 24…26 градус жылыйт.