Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

Санкт-Петербург форумунда санариптештирүү маселеси талкууланды


Санкт-Петербургда өтүп жаткан эл аралык экономикалык форумга Кыргызстандан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баш болгон кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү катышты.

Кыргыз делегациясынын курамында президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев, Орусиядагы элчи Аликбек Жекшенкулов бар. Мындан сырткары, форумдун уюштуруу комитетинин чакыруусу менен экс-премьер-министр Темир Сариев катышууда.

Сариевдин “Азаттыкка” билдиришинче, форумдун жүрүшүндө дүйнөлүк экономиканын санариптешүү жана жасалма интеллектти өнүктүрүүгө басым жасалып, талкууланды.

“Дүйнөлүк экономиканын туруктуу өнүгүшү үчүн жасалма интеллекттин ролу талкууланды. Анда дүйнө төртүнчү индустриалдык революция алдында турганы айтылды. Кыргызстанда дал ушундай дүйнөлүк тенденциялардын артта калбай, аракет көрүшүбүз керек”- деди Сариев.

Санкт-Петербург экономикалык форуму - Орусия бир нече жылдан бери уюштуруп келген экономикалык иш-чара. Быйыл 5-8-июндагы форумга Кытайдын төрагасы Си Цзинпин баштаган бир катар өлкөлөрдүн жетекчилери келген.

XS
SM
MD
LG