Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:08

Аргынбаев: Атамбаевдин бийликти сындаганга моралдык укугу жок


Алмазбек Атамбаев Бишкектеги митинг учурунда. 8-июнь, 2019-жыл.
Алмазбек Атамбаев Бишкектеги митинг учурунда. 8-июнь, 2019-жыл.

"Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин азыркы бийликти сындаганга моралдык укугу жок". Мындай пикирин Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапар Аргынбаев “Азаттыкка” билдирип, оппоненттерге куугунтук Атамбаевдин бийлигиндеги иштердин уландысы экенин айтты.

8-июнда Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) Бишкекте митинг уюштурган. Коррупцияга каршы күрөштү тандалма жүргүзүп жатат деп, бийликке кине коюлган тынч жыйында Алмазбек Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине кескин сын айтты.

Митингдин соңунда кабыл алынган резолюцияда саясий куугунтукту, жемкорлукка каршы тандалма күрөштү токтотуу талабы коюлду. Болбосо президентти отставкага кетирүүгө аракет көрүлөрү эскертилди.

Сапар Аргынбаев резолюциянын тексти ага тааныш экенин, ушундай эле талап жазылган кайрылууларды Атамбаев бийликте турган кезде анын саясий оппоненттери жазып жүргөнүн билдирди.

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева резолюция коомдун мүдөөсү эске алынып жазылганын билдирди.

Жээнбековдун администрациясы митингдеги талаптарга азырынча комментарий бере элек. (SE)

XS
SM
MD
LG