Казакстанда бүгүн президенттик шайлоо өтүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү 9-июнда эртең менен саат 7:00дө башталып, кечки саат сегизге чейин уланарын билдирген. Өлкө аймагында 10 миңден ашуун, чет мамлекеттерде 65 шайлоо тилкеси даярдалган.
Президенттик орунга жети талапкер ат салышууда.
Бул - Казакстандын эгемен тарыхындагы Нурсултан Назарбаев катышпаган алгачкы президенттик шайлоо.
Назарбаев мамлекетти дээрлик 30 жыл башкаргандан кийин быйыл март айында кызматтан кеткен. Ыйгарым укуктарын Сенаттын экс-спикери Касым-Жомарт Токаевге өткөргөн. Ал азыркы жети талапкердин бири.
Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 11-майдан 7-июнга чейин уланды. Эл аралык уюмдар жараянды «көп байкалбаган», «айрым талапкерлердин көрнөк-жарнактары менен гана чектелген» шайлоо өнөктүгү деп баалашты.
Казакстанда 1991, 1999, 2005, 2011, 2015-жылдары президенттик шайлоо өткөн. Анын үчөө мөөнөтүнөн мурда болгон.
Президенттиктен кеткен 78 жаштагы Назарбаев «элбашы» макамын сактап, Казакстандын Коопсуздук кеңешин жана бийликтеги «Нур-Отан» партиясын жетектеп калды.
Назарбаевдин тушунда өткөн бир да шайлоону эл аралык байкоочулар демократиялык деп мүнөздөгөн эмес.