Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:57

Сириянын Хама аймагында салгылашуу күчөдү

22-майда Сирияда тартылган сүрөт.
22-майда Сирияда тартылган сүрөт.

Сириянын Хама провинциясында соңку эки күндөгү салгылашууларда 170тей адам көз жумганын адам укуктарына мониторинг жасаган борбор маалымдады.

8-июнда динчилдер жана өкмөткө каршы күчтөр аскердик бөлүккө кол салышты. Алар ондогон снаряддарды атып, автоунааларды жардырышты. Эки тараптан тең курмандыктар болду.

Нью-Йоркто жайгашкан «Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюму Сирия менен Орусиянын «аскердик альянсын» «эл аралык нормаларда тыюу салынган курал колдонгон» деп айыптаган. 3-июнда жарык көргөн баяндамада уюм 26-апрелден тартып өкмөткө каршы күрөшкөн топтордун көзөмөлүндөгү Идлиб, Хама жана Алеппо аймактарында күнүгө жүздөгөн сокку урулуп, 200 жайкын тургун каза тапканын, арасында балдар өлгөнүн да жазган.

XS
SM
MD
LG