Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:06

Токаев президенттик шайлоону «тарыхый» деп баалады (видео)


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын азыркы президенти, «Нур Отан» партиясынан президенттик шайлоого ат салышып жаткан Касым-Жомарт Токаев Нур-Султанда добуш берди. Андан соң журналисттерге чыгып сүйлөп, бул шайлоону «тарыхый» деп баалады.

Токаев «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысынын «Коомдо болуп жаткан нааразылык акциялары жөнүндө кабарыңыз барбы? «Токаев - менин президентим эмес» деген ураандар жөнүндө эмнелерди айта аласыз?» - деген суроосуна мындай жооп берди:

- Анын баарынан кабарым бар. Мен ар түрдүү жаңылыктарды угуп турам. Бул элдин тандоосу. Эгер айрым жарандар ошондой ураан таштаса, анда алардын тандоосу ошондой.

​Буга чейин Алматы жана Нур-Султан шаарларындагы көп балалуу энелер жана өлкөдөгү оппозициянын тарапкерлери бир нече жолу нааразылык акцияларына чыгышкан. Буга кошумча «Ойгон, Казакстан» жана «Токаев - менин президентим эмес» деген ураан алдында активист жаштардын акциялары утур-утур уюштурулган эле.

Казакстанда бүгүн президенттик шайлоо өтүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү 9-июнда эртең менен саат 7:00дө башталып, кечки саат сегизге чейин уланарын билдирген. Президенттик орунга жети талапкер ат салышууда.

Алардын арасында Нурсултан Назарбаевден кийин президенттик кызматка киришкен Касым-Жомарт Токаев бар.

Бул - Казакстандын эгемен тарыхындагы Нурсултан Назарбаев катышпаган алгачкы президенттик шайлоо. (BkA)

XS
SM
MD
LG