Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Алексей Петрушевский үй камагына чыкты


Александр Петрушевский.
Александр Петрушевский.

Бишкек мэриясынын «Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борбору» муниципалдык мекемесинин мурдагы жетекчиси Алексей Петрушевский 8-июнда үй камагына чыкты. Бул тууралуу анын адвокаты жана укук коргоочулар билдиришти.

Петрушевский 7-июнда кармалган болчу. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, ал Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен айыпталууда.

6-мартта мэриянын Социалдык өнүгүү башкармалыгынын чечими менен Алексей Петрушевский жогоруда аталган кызматынан бошотулган.

Анын алдында мэрияда атайын түзүлгөн комиссия борбордо тарбиялангандардын саны аз экенин белгилеп, аларга бюджеттен бөлүнгөн акча бекер эле коромжу болуп жатканын негиз тутуп бул имаратты бала бакчага айлантуу боюнча демилге көтөргөн. Петрушевский бул жерде жеке кызыкчылыктар бар деген оюн билдирген.

Кароосуз калган балдар тарбияланган борбордо азыр 21 бала жашап жатат. Мекемеге мэриянын бюджетинен жыл сайын 13 миллион сом бөлүнөт.

XS
SM
MD
LG