Кыргызстандык активистер Жогорку Кеңештеги депутаттардын санын 120дан 35ке азайтууну талап кылып, онлайн кол топтоп жатышат. Петиция сhange.org платформасында жүргүзүлүүдө.
Кол топтоо боюнча Алена Хоменко аттуу жаран демилге көтөрүп, ал парламенттеги депутаттардын саны азайса, аларга мамлекет короткон чыгым азайып, бюджетке пайда болорун негиз кылууда.
9-июнда петицияга кол койгондордун саны 5000ден ашты. Демилгечилер 7500 кол топтоону максат кылышкан.
Кыргызстанда 2020-жылы Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт.
Парламент депутаттары 2015-жылкы шайлоо алдында элге «кызматтык машинелерден, батир сыяктуу артыкчылыктардан баш тартабыз» деп сөз берип, шайлоодон кийин убадасын жарым-жартылай аткарышкан. Жыл сайын Жогорку Кеңештин депутаттарын каржылоого 760 миллион сомдон ашык каражат коройт. (SE)