Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 11:12

Москвада 600дөй казакстандык добуш берди


Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Орусиядагы элчилигиндеги №265 шайлоо бекетине Москва убактысы боюнча саат 13:00го карата 570 жаран добуш берди. Алардын көбү жогорку окуу жайларынын студенттери.

Казак элчилигинин маалыматы боюнча шайлоо участогу кечки 8ге чейин иштейт.

Жалпысынан Москва шаарында 200 миңден ашуун казакстандык бар.

Москвадан тышкары шайлоо бекеттери Орусиянын Санкт-Петербург, Казань, Астрахань, Омск шаарларында ачылган.

Орусияда расмий 500 миңдей казакстандык катталган.

XS
SM
MD
LG