Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Казакстанда шайлоочулардын 72 пайыздан ашыгы добуш берди (жаңыланды)


Байконур шаарындагы добуш берүү. 9-июнь, 2019-жыл.
Байконур шаарындагы добуш берүү. 9-июнь, 2019-жыл.

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан президенттик шайлоодо жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00гө карата жалпы шайлоочулардын 72 пайызы добуш берди.

Казакстанда 11 миллион 800 миңден ашуун шайлоочу добуш берүүгө укуктуу. Өлкөнү дээрлик 30 чукул убакыт башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаган биринчи шайлоодо жети талапкер, алардын ичинде утурумдук президент Касым-Жомарт Токаев да ат салышууда.

Жекшембиде Нур-Султан, Алматы жана Чымкент шаарларында президенттик шайлоону бойкоттоого чакырган ондогон адамдар кармалганы белгилүү болду.

Казакстандын ички иштер министринин орун басары Марат Кожоев бул күнү өлкө боюнча жүзгө чукул адам «уруксатсыз митинг уюштурган» деген негиз менен кармалганын ырастады.

XS
SM
MD
LG