Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Министр Зариф Европаны Иранды сындабоого чакырды


Ирандын тышкы иштер министри Мохаммед Жавад Зариф журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Тегеран, 9-июнь, 2019-жыл.
Ирандын тышкы иштер министри Мохаммед Жавад Зариф журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Тегеран, 9-июнь, 2019-жыл.

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф Европа мамлекеттери Ислам Республикасынын өз аскердик дараметин бекемдөө аракетин сынга албашы керек экенин эскертти.

9-июнда мамлекеттик маалымат каражаттары жазгандай, Зариф Иран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда түзүлгөн келишимден тышкары маселелер үчүн европалыктар Тегеранды сындай албай турганын айткан.

Зарифтин мындай билдирүүсү Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маастын Тегеранга пландалган сапарын утурлай жасалды. Хейко Маас Иранга барып, өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимди сактап калуунун варианттарын караштырарын билдирген.

Франция, Германия, Британия АКШ 2015-жылы Иран менен түзүлгөн макулдашуудан чыгып кетсе да документти сактап калуунун аракетин көрүп келишет.

9-июнда Иран жаңы абадан коргонуу системасынын бет ачарын өткөрдү. Иш-чарада сөз сүйлөгөн өлкөнүн коргоо министри Амир Хатами «Иран улуттук коопсуздук кызыкчылыктарын коргоо максатында өзүнүн аскердик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтерин жана бул багытта эч кимден уруксат сурабай тургандыгын» билдирди.

XS
SM
MD
LG