Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Экзит-полл: Токаев 70,16% добуш менен алдыга чыкты

Бийликтеги «Нур-Отан» партиясынын талапкери,  утурумдук президент Касым-Жомарт Токаев. 9-июнь, 2019-жыл.
Бийликтеги «Нур-Отан» партиясынын талапкери, утурумдук президент Касым-Жомарт Токаев. 9-июнь, 2019-жыл.

Казакстандагы «Коомдук пикир» институту жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, «бийликтин талапкери» Касым-Жомарт Токаев добуштардын 70,13% алды. Бул тууралуу уюмдун башчысы Айнур Мажитова Нур-Султан шаарында өткөн жыйында билдирди. «Улут тагдыры» кыймылынын өкүлү, оппозициянын талапкери Амиржан Косанов 15,39% добуш менен экинчи орунда. Жалгыз аял талапкер, «Ак жол» партиясынан көрсөтүлгөн Дания Еспаевага шайлоочулардын 5,32% добуш берген.

Байкоочулар 30 жыл бою өлкөнү башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаган биринчи шайлоодо жети талапкердин ичинен утурумдук президент Касым-Жомарт Токаев жеңип чыгаарын боолголоп жатышкан.

Жекшембиде Нур-Султан, Алматы жана Чымкент шаарларында президенттик шайлоону бойкоттоого чакырган жүздөгөн адамдар кармалды.

XS
SM
MD
LG