Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

Эки колунан ажыраган аскердин иши Жогорку сотто каралат


Жоокер Руслан Сапарбаев.
Жоокер Руслан Сапарбаев.

Бүгүн, 10-июнда Жогорку сотто аскерде кызмат өтөп жатып токко урунуп, эки колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаевдин иши каралат.

Буга чейин Майлуу-Суу шаарынын соту «Шалаакылык» беренеси менен №30295 аскер бөлүгүнүн командиринин техникалык маселелер боюнча орун басары Турсуналиевди жана курулуш маселеси боюнча сержант Баймуратовду күнөөлүү деп таап, аларды үч жылга эркинен ажыратуу жөнүндө чечим чыгарган. Бирок Жалал-Абад облустук соту Турсуналиевди актаган.

Майлуу-Суудагы аталган аскер бөлүгүндө кызмат кылган Сапарбаев 2018-жылдын 8-августунда кезмет учурунда токко урунган. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кырсыкка аскер өзү күнөөлүү экенин, ал тыюу салынган электр көмөк чордонуна кирип, трансформаторго колун салып алганын билдирген. Аскер прокуратурасы факты боюнча иликтөө иштерин жүргүзгөн.

Сапарбаевге дарыгерлер эки жолу операция кылып, эки колун тең чыканагына чейин ампутация кылышкан.

Руслан Сапарбаев - Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну, ал 2018-жылы жазында аскерге чакырылган. «Кылым шамы» уюму жоокер энеси менен чогуу батирде жашай турганын, үйү жок экенин, мамлекеттен турак жай өндүрүү маселеси да каралып жатканын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG