Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:13

Бишкекте ШКУнун мааниси талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте «Аймактагы коопсуздуктун негизги куралы катары ШКУнун мааниси» деген тегерек стол өтөт.

Тегерек стол Бишкекте 14-июнда өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитин утурлай уюштурууда. Иш-чаранын катышуучулары терроризмге каршы бирдиктүү глобалдык фронт түзүүнүн зарылдыгын жана ШКУнун курамындагы мамлекеттердин, ЖККУнун, ЕАЭБдин кызматташтыгындагы негизги багыттарды талкуулап, келерки саммиттин жыйынтыктары тууралуу кеп кылышат.

Тегерек столго Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов, Тышкы иштер министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы Анаркүл Султангазиева, мурдагы экономика министри Олег Панкратов, Кыргызстандын ЕККУдагы жана Венадагы туруктуу өкүлү Лидия Жоробекова жана башка саясат таануучулар, серепчилер катышат.

ШКУнун кезектеги саммитине катышуу үчүн Бишкекке 11 өлкөнүн башчысы келет. Жыйындын соңунда 20га жакын биргелешкен документке кол коюлат.

Саммит 14-июнда Бишкекте өтөт, 13-июнда кечинде коноктор үчүн гала-концерт жана көркөм өнөр көргөзмөсү уюштурулат. (KR)

XS
SM
MD
LG