Казакстанда оппозициячыл талапкер Амиржан Косанов учурдагы президент Касым-Жомарт Токаевди шайлоодо жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Косанов шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө экзит-поллдун жыйынтыгы жарыяланган соң мамлекеттик телеканал аркылуу сүйлөп жатып билдирди.
- Шайлоонун жыйынтыгында жеңишке жетишкен президент Касым-Жомарт Токаевди жана анын шайлоо жүрүшүндө айткан бийлик менен коом ортосундагы диалогду калыптандыруу, сын-пикирлерге сабырдуулук менен мамиле кылуу боюнча ойлорун кубаттап, жеңиши менен куттуктайм, - деди Косанов.
Ага чейин Косанов шайлоодо өзүнүн жеңилишин «бирдиктүү оппозициянын талапкери» болбогону менен түшүндүргөн. Ал айрым чет өлкөдө жүргөн демократиялык лагердеги мурдагы кызматташтары жарыялаган бойкот да шайлоонун жыйынтыгына таасир тийгизгенин кошумчалады.
9-июнда өткөн Казакстандагы президенттик шайлоонун экзит-полл режиминдеги сурамжылоонун алгачкы жыйынтыгы жарыяланды. «Коомдук пикир» институтунун жыйынтыгына ылайык, учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев 70,13% добуш менен алдыга чыкты.
Оппозициячыл талапкер, «Улут тагдыры» кыймылынын мүчөсү Амиржан Косанов 15,39% добуш алды деп болжолдонууда. Үчүнчү орунга 5,32% менен «Ак жол» партиясынан көрсөтүлгөн Дания Эспаева чыкты. Ал эми Коммунисттик партиянын өкүлү Жамбыл Ахметбеков - 3,86%, «Айыл» партиясынан сунушталган Төлөтай Ракымбеков - 3,03%, Кесиптик кошуундар федерациясы көрсөткөн Амангелди Таспихов - 1,41% жана «Улуу талаа кыраандары» биримдигинин мүчөсү Сады-Бек Түгөл 0,86% алышы мүмкүн.
Учурда добуштар саналып жатат. Казак мыйзамдарына ылайык, шайлоонун расмий жыйынтыгы 10 күн аралыгында жарыяланышы керек. (BkA)