«Эркин Европа/Азаттык» радиосу медиакорпорациясы Казакстандын бийлигинин 9-июнда президенттик шайлоону чагылдырып жаткан журналисттерге болгон мамилесин сынга алды. 9-июнда казак бийлиги «Азаттыктын» казак кызматынын журналисттери Петр Троценко менен Сания Тойкенди бир нече саатка кармап чыгарган. Андан мурда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Чехиядан, Орусиядан, Кыргызстандан шайлоону чагылдырганы барган кабарчыларына аккредитация бербей койгон.
- Шайлоону чагылдырып жаткан журналисттерди кармоо - бул алардын ишине жана коомдун терең кызыгуусун жаратып жаткан окуяны маалымдоо боюнча тапшырмасына түздөн-түз кийлигишүү. Казакстандын өкмөтү биздин журналисттерди аккредитациялоодон баш тартуу менен эркин маалымат каражаттарынын ролун сыйлоо боюнча эл аралык милдеттенмелерин жана жарандардын өз өлкөсү жана жетекчилиги тууралуу чыныгы маалымат алуу боюнча укуктарын бузду, - деп билдирди «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президентинин милдетин аткаруучу Дейзи Синделар.
Жекшембиде Алматыдагы Астана аянтында тынч митингге чыккандарды полиция кармап кетип жатканын тартып жүргөн «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысы Петр Троценкону кармап кетишкен. Ал бир нече сааттан кийин бошотулган. Ал эми Астанада кабарчы Сания Тойкен эки жолу кармалып бошотулган.
Экзит-поллдордун сурамжылоолорунун жыйынтыгында 9-июнда өткөн шайлоодо «бийликтин талапкери», азыркы президент Касым-Жомарт Токаев 70,13% добуш менен алдыга чыкты.
Жекшембиде Нур-Султан, Алматы жана Чымкент шаарларында президенттик шайлоону бойкоттоого чакырган ондогон адамдар кармалганы белгилүү болду.