Грузиянын жикчил Түштүк Осетия жумуриятында 9-июнда Тбилиси жана Евробиримдик тааныбаган парламенттик шайлоо өттү. Анда Орусияга ыктаган «Бирдиктүү Осетия» партиясы алдыга чыкканын өз алдынчалык жарыялап алган аймактын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Грузиянын Тышкы иштер министрлиги «парламенттик шайлоо» катары сөз болгон процессти сынга алып, бул добуш берүү «Грузиянын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө доо келтирип жатканын» билдирди.
Жергиликтүү басма сөз каражаттары жазгандай, «шайлоого» Орусиядан жана эл аралык коомчулук тааныбаган Преднистровье, Абхазия, Тоолуу Карабак, «Луганск элдик республикасынан» байкоочулар көз салышты.
53 миңдей калкы бар, Грузиянын түндүгүндө жайгашкан Түштүк Осетия Республикасы 2008-жылкы орус-грузин согушунан кийин өз алдынчалык жарыялап алган. Анын эгемендигин Орусия тааныган. Бирок Тбилиси жана эл аралык коомчулук Түштүк Осетияны Грузиянын бир бөлүгү деп эсептейт.