Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Аба ырайы: нөшөрлөгөн жаан жаайт


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Кыргызстандын аймагында 10-июндан 12-июнга чейин туруксуз аба ырайы сакталып турат. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондорго кар жаайт.  Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарбасынын, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишин, жол каттамын жана жайыттарда мал багууну кыйынчылыкка учуратат. 10-12-июнда күтүлүп жаткан  жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн.

Кыргызстанда 11-июнда  көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолорго кар түшөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын катуу болот.  Жайлоо- жайыттарда жаан карга айланышы ыктымал. Бир катар райондордо мөндүр жаашы күтүлүп мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.   

Абанын температурасы: 

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 20…25;

Суусамырда түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15;

Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Баткенде түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22;

Бийик тоолордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7 градус болот. 

Бишкекте 11-июнда нөшөрлөгөн жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет.  Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 23…25 градуска чейин жогору болот. 

 

XS
SM
MD
LG