Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

ЕККУ Казакстанда жарандардын «негизги укуктары» бузулганын билдирди


Полиция Алматыдагы митингдин катышуучусун кармап баратат. 10-июнь, 2019-жыл.
Полиция Алматыдагы митингдин катышуучусун кармап баратат. 10-июнь, 2019-жыл.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Казакстандагы шайлоого көз салган байкоочулары 10-июнда өткөрүлгөн басма сөз жыйынында добуш берүүдө жарандардын «негизги укуктары бузулганын» билдиришти.

- Кечээ (9-июнда) көчөлөрдө демонстрациянын катышуучулары, анын ичинде журналисттер кармалды. Муну менен алар (бийлик) эркин чогулуу жана эркин оюн билдирүү боюнча жарандардын укуктарын бузушту, - деди ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын делегациясынын жетекчиси Маргарета Кинер Неллен.

Аталган уюмдун байкоочуларынын кыска мөөнөттүү миссиясынын башчысы Георгий Церетели Казакстандагы шайлоо күнү болгон кармоо өлкөнүн беделине доо кетириши мүмкүн экенин эскертти:

- Чоң шаарларда өткөн тынч митингдери тартип коргоо органдары тарабынан таркатылып, жыйынтыгында көптөгөн адамдар кармалды. Мындай окуялар бийликтин аброюна шек келтирип, өлкөнүн беделине доо кетириши мүмкүн.

Жекшембиде Нур-Султан, Алматы жана Чымкент шаарларында президенттик шайлоону бойкоттоого чакырган жүздөгөн адамдар кармалган. Полиция 500 киши кармалганын ырастап, алардын көбү тартип коргоочуларга баш ийбей, аларды көздөй таш ыргытышканын жүйө келтирди.

Экзит-поллдордун сурамжылоолорунун жыйынтыгында 9-июнда өткөн шайлоодо «бийликтин талапкери», азыркы президент Касым-Жомарт Токаев 70,13% добуш менен алдыга чыкты.

XS
SM
MD
LG