Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Молдовада эки өкмөт эки башка жыйын өткөрдү


Молдовадагы парламент алдына чыккан Демократиялык партиянын тарапташтары. 10-июнь, 2019-жыл.
Молдовадагы парламент алдына чыккан Демократиялык партиянын тарапташтары. 10-июнь, 2019-жыл.

Саясий кризис курчуп жаткан Молдовада дүйшөмбүдө эки өкмөт өз алдынча жыйындарды өткөрүштү.

Конституциялык сот убактылуу президент катары дайындаган Павел Филиптин өкмөтү жана парламенттеги коалициялык көпчүлүк шайлаган премьер-министр Майя Сандунун өкмөтү бири-биринин мыйзамдуулугун таанышпайт.

Сандунун өкмөтү орусиячыл социалисттер менен Евробиримдикке ыктаган АСUM партиясынын коалициясы тарабынан түзүлгөн. Саясий оппоненттер ишкер Владимир Плахотнюктун Демократиялык партиясына каршы туруш үчүн 8-июнда биригишкен. Конституциялык сот жаңы өкмөттү мыйзамсыз деп таап, президент Игорь Додонду кызматтан четтетип, анын ыйгарым укуктарын Филипке тапшырган. Ал парламентти таркатуу боюнча декретке кол койгон. Учурда аткаруу бийлиги Филипке баш ийип жатат.

Эл аралык уюмдар, Евробиримдик тараптарды кепке келип, кризисти курчутпоого чакырып жатышат. Орусиянын Ички иштер министрлиги дүйшөмбүдө Молдовадагы жаңы өкмөттү кубаттаган билдирүү таркатты.

XS
SM
MD
LG