Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:12

Парламент аялдарга 30% квота берүүчү мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңеш айылдык кеңештердеги мандаттардын 30 пайызын аялдар үчүн резервге коюу боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. 23-майда мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда талкууланган.

Анда жергиликтүү кеңештеги бир жыныстагы эл өкүлдөрүнүн санын 70 пайыздан ашырбоо тууралуу жобо талашка түшкөн башкы маселелердин бири болду. Долбоорго 30 пайыздык квотаны резервде кармоо тууралуу сунуштар айтылууда.

Укук коргоочулар айылдык кенештерде мандаттарды аялдар үчүн резервге калтыруу жөнүндө мыйзам долбоорун колдоого чакырып маалымат өнөктүгүн башташкан.

Бириккен Улуттар Уюмунун сунушу менен Кыргызстандын мыйзамдарына «башкаруу органдарында гендердик тең салмактуулук сакталып, жалаң бир жыныстуу эмес, 30 пайыз аялдар же эркектер иштеши керек» деген норма кирген. Бирок бул талап дээрлик эч кайсы органдарда аткарылбайт.

Расмий маалыматтарга караганда, жергиликтүү кеңештерде депутат аялдар 11 пайызды түзөт. Бул Кыргызстандагы 453 айылдык кеңештин 86сында бир да аял депутат жок дегенди билдирет.

XS
SM
MD
LG