Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

Автоунааларды каттоо бланктары (техпаспорт) түгөндү


Эски үлгүдөгү автоунааны каттоо бланкы (техпаспорт).
Эски үлгүдөгү автоунааны каттоо бланкы (техпаспорт).

Автоунааны каттоо бланктары (техпаспорт) түгөнүп, машинесин каттаткысы келген айдоочуларга убактылуу бланктар бериле баштады. Бул тууралуу «Азаттыктын» Мамлекеттик каттоо кызматындагы булагы билдирди. Бул маалыматты аталган кызматтын Кыймылдуу мүлктү каттоо бөлүмүнүн адиси Бурканидин Камалов да тастыктады:

- Азыр түгөндү деп айтсак болбойт, бирок аз калды. Эртең өкмөттүн токтому чыкса биз убактылуу техпаспорт бере баштайбыз. Токтом ушул жумада чыгат. Ал бекер берилет. Тендер жарыяладык. 1-1,5 айдын ичинде техпаспорт чыгып калат.

«Азаттыктын» булагы кабарлагандай, учурда акыркы бланктар аймактардан кайра Бишкек шаарына жеткирилүүдө.

«Учкун» басмаканасынын өкүлү техпаспорттордун бланктарын даярдоо тендери аяктаганын жана ага катышкан басмаканалардын документтерин комиссия 7-июнда ачып көргөнүн айтты. Маалыматка ылайык эң төмөнкү бааны Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна караштуу «Гознак» басмаканасы сунуш кылган.

2018-жылкы мыйзамдарга ылайык автоунааны каттоо бланктарын басып чыгаруу боюнча тендерге чет элдик компаниялар да катышуу укуктуу болчу, бирок жаңы күчүнө кирген мыйзамдар мындай мүмкүнчүлүктү жоюп, бланктарды жергиликтүү гана компаниялар басууга укуктуу болуп калган.

XS
SM
MD
LG