Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

БУУ: Малидеги чабуулдан 95 адам өлдү


Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Малидеги миссиясы жекшемби күнү догондордун айылындагы кол салуудан 95 адам өлгөнүн ырастады. Уюмдун баш катчысынын өкүлү Эри Канеко жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүлүп жатканын, өкмөткө мындан аркы кан төгүүнүн алдын алуу чараларына көмөк көрсөтүү жагы караларын маалымдады.

Ушу тапта Женевада сапарда жүргөн Малинин президенти Ибраим Бубакар кол салууну айыптады.

9-июнда фулани улутундагылар негизинен догон улутунун өкүлдөрү отурукташкан кыштакка чабуул коюшкан. Малинин коопсуздук кызматынын атын атабаган өкүлү кол салгандар жергиликтүүлөрдү аткылап, үйлөрүн өрттөп жибергенин, айыл дээрлик жер менен жексен болуп калганын билдирген.

Бул аймакта негизинен мергенчилик кылган, байыркы өз динин карманган догондор менен фульбе-мусулмандарынын ортосунда кагылышуулар көп катталат.

Батыш Африкада жайгашкан Малинин өкмөтү 2015-жылы өлкөдө туруктуулукту калыбына келтирүү максатында куралдуу топтор менен макулдашууга да кол койгон. Бирок ал макулдашуу радикал согушкерлердин кыянатчылыгын токтото алган жок.

XS
SM
MD
LG