Кыргызстанда 12-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолорго кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын катуу болот. Кээ бир райондорго мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26;
Суусамырда түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15;
Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24;
Баткенде түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 16…21;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20;
Бийик тоолордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6 градуска чейин жогорулайт.
Бишкекте 12-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 23…25 градус жогору болот.