Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Турсунбек Акун экс-президент Атамбаевди сотко берет


Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы сотко кайрыла турганын «Азаттыкка» билдирди.

Ал кийинки жумада Бишкектин Октябрь райондук сотуна берчү доо арызында абийирин жана ар-намысын коргоп берүүнү өтүнө турганын айтты. Турсунбек Акун мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 8-июндагы митингде чындыкка дал келбеген сөз айтканын белгилеп, аны далилдеши керек деп эсептейт.

- Жаңы кодекстерде «Ушактоо», «Жалган жалаа» деген беренелер алынып салыныптыр. Ошондуктан »ар-намысыма жана аброюма шек келтирди» деген негизде сотко даттанам. Ал 8-июндагы митингде «Батукаевдин (ред: кримтөбөл Азиз Батукаев) артынан Турсунбек Акун акча тапты» деп айтпадыбы? Менин кандай акча иштеп тапканымды далилдесин.

8-июнда Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) митингинде экс-президент Атамбаев чуулгандуу иштер, анын ичинде Батукаевдин бошотулушу тууралуу бир топ пикир айткан.

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Азиз Батукаев 2013-жылдын апрелинде Нарын шаардык сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, чартердик каттам менен токтоосуз Чеченстанга учуп кеткен. Соттун чечимине Батукаевдин ак кан илдетине чалдыкканы жана ичер суусу азайып калганы тууралуу дарыгерлердин тыянагы себеп болгону айтылган. Бирок анын жашоосу саналуу экени ырасталган эмес.

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши быйыл жыл башында жанданган.

Тергөөнүн алкагында Батукаевге «ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген» деген шек менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган. ЖАМКтын жетекчисинин мурунку кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов да 26-июнга чейин камалган. 7-июнда ИИМ Атаханов «тергөө менен кызматташуу ниетин билдиргендиктен бөгөт чарасы өзгөртүлгөнүн» маалымдады. Ошондой эле мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун да ИИМге сурак берип чыккан.

2013-жылы атайын прокурор болуп иштеп турган Нарын облустук прокурорунун орун басары Майрамбек Акматалиевдин өлкөдөн чыгышына тыюу салынган. Батукаев абактан чыккан кезде Башкы прокуратураны жетектеген экс-депутат Аида Салянова да өткөн аптада кармалып, 26-июнга чейин камалды. (NT)

XS
SM
MD
LG