Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:54

Оштогу паркта тепкичтен машине айдаган адам кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Шаардагы Токтогул гүлбагына жакында эле жаңыдан курулган тепкичтер аркылуу машинесин айдаган адам парктагы видеокөзөмөл камераларга түшүп калган. Бул тасма соцтармактарга жарыяланып, коомчулукту нааразы кылган. Шаардык мэриянын басма сөз кызматы ээнбаштык кылган адам изделип жатканын билдирген эле.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, 11-июнь күнү машиненин ээси кармалды. Ал Оштогу окуу жайларынын биринде окуган 21 жаштагы студент болуп чыкты. Сыдыковдун сөзүнө караганда, студент окуусунан тышкары убакта такси айдап акча таап жүргөн. Ошол күнү да жүргүнчүлөрдү ташып баратып туура эмес жерден бурулуп алганын айткан.

Учурда ал тепкичтерге келтирилген зыянды толугу менен төлөп берүү милдетин алган.

Ош шаарындагы Токтогул паркы былтыртан бери оңдолуп жатат, андагы жол, тепкичтер жаңыланууда. Гүлбактын ичине видеокөзөмөл камералары орнотулган. (ZKo\MdN)

XS
SM
MD
LG