Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:47

ЖАМК Саляновага басым болуп жатканын четке какты


Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова.
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз өкүлү Элеонора Сабатарова камакка алынган мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага психологиялык басым болуп жатканын четке кагып, «Азаттыкка» ал кармалган корпуста камералар орнотулганын билдирди:

- Эмне себептен адвокаты андай билдирүү таратып жатканын билбейм. Адвокаты, депутаттар келип жатат. Кыйноонун алдын алуу борборунун, Акыйкатчынын, атайын прокуратуранын өкүлдөрү келип жатат. Эгер ошондой эле кысым болуп жатса аларга айтмак. «Эч кандай доом жок» деп өзү деле айтып жатат. «Блатнойлор» ээн-эркин басып жүргөнү тууралуу маалыматты четке кагабыз, себеби ал жерде онлайн-режимде иштеген камера баарын тартып турат. Аны борбордук аппараттагы операторлор карап турушат. Ооруп эле же башка бир нерсе болуп кетпесе, камерага кызматкерлер да кире алышпайт.

Буга чейин «Ата Мекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов Саляновага кылмышкерлер аркылуу психологиялык басым жасалып жатканын жана органда иштеген кызматкерлер андан тийиштүү көрсөтмө алууга аракет кылып жатышканын билдирген. Ал башка мамлекеттерде башкы прокурор болуп иштеген адамды жалпы кылмышкерлер менен бирге отургузбай, өзүнчө бөлүп өтургузат деп нааразы болуп, Салянованы УКМКнын камоо жайына алып баруу керек деп билдирген.

Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу «Коррупция» беренеси менен айыпталып жатат. Ал 5-июнда Биринчи май райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына 26-июнга чейин камакка алынган.

XS
SM
MD
LG