Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Голуновдун кылмыш иши жабылды


Иван Голунов.
Иван Голунов.

Москвада үй камагында отурган журналист бошотулуп, кылмыш иши жабылмай болду.

Москвада баңгизат соодасына байланыштуу шек саналып, үй камагына алынган журналист Иван Голуновго козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев билдирди:

«Биологиялык, криминалисттик, дактилоскопиялык жана генетикалык экспертизалардын жыйынтыгы боюнча Голуновдун кылмышка катышы далилденбегендиктен ага козголгон кылмыш ишин токтотуу тууралуу чечим кабыл алынды. Бүгүн ал үй камагынан чыгат».

Колокольцев Москва шаары боюнча ИИМдин Баңгизат менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Юрий Девяткин жана Батыш административдик аймактын бөлүм башчысы Андрей Щировду кызматтан бошотуу жөнүндө сунуш менен президент Владимир Путинге кайрыларын кошумчалады. Ал эми Голуновду кармоого катышкан полиция кызматкерлери жумуштан бошотулган.

«Медуза» басылмасынын иликтөөчүсү Иван Голунов 6-июнда кармалган. Журналист кылмыш ишин өзүнүн иликтөөлөрүнө байланыштырып, батирине баңгизат атайын ташталганын айтып келген.

«Мен бактылуумун, ыйлап жатам. Бул жүздөгөн, миңдеген адамдардын аракети менен болду. Баарына ырахмат», - деди «Медуза» басылмасынын башчысы Галина Тимченко.

Москванын бийлигиндеги коррупцияны, көмүскө бизнести иликтеген журналисттин кармалышы, кийин сабалганы тууралуу маалымат Орусияда журналисттик коомчулукту козгогон. Москвада жана башка шаарларда бир нече каршылык акциялары өттү. Журналисттердин тилектештигине өнөр адамдары, белгилүү ырчылар, артисттер жана теле алып баруучулар да кошулушкан.

Коомчулуктун нааразылыгынан улам 8-июнда Москванын Никулин райондук соту Голуновдун ишин карап, 7-августка чейин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган. 12-июнда да Москвада Голуновго тилектештик маршы өтмөк.

Орусия күнүндө массалык нааразылык акциясы уюштурулуп жатканына Кремлден да үн катышкан. «Марш Орусияда майрамдык маанайды бузуп коюшу мүмкүн», - деген президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Ал арада Москванын бийлиги прокуратурага маршты «мыйзамсыз» деп таанып, жүрүшкө чакыргандарга карата чара көрүүнү суранган кайрылуу жибергени белгилүү болду.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG