Бүгүн Орусиянын Сергиев Посад шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көкбөрү боюнча эл аралык турнир өтөт. Ага Кыргызстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан жана Москва шаарынан төрт команда катышат.
Бул турнир Сергиев Посад шаарында «Орус дүйнөсү» фестивалынын алкагында өтүп жатат. Мелдешке катышуу үчүн буга чейин Кыргызстандан «Атуул» командасы жөнөп кеткен. Кыргызстандык улакчылар турнирге катышуу үчүн Бишкектен өз аргымактарын ала кеткен.
«Атуул» командасы - славян улутундагы улакчылардан түзүлгөн кыргызстандык команда. Көкбөрү федерациясы эл аралык турнир көргөзмө иретинде өтүп жаткандыктан, «Атуул» командасын жөнөтүүнү чечкен.
«Орус дүйнөсү» фестивалынын алкагында өтүп жаткан Чыңгыз Айтматов атындагы турнир бүгүн кечинде аяктайт. (SDz)