Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:32

ШКУнун саммитине катышчу өлкөлөрдүн лидерлери келе баштады


Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулганы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аэропорттон тосуп алды. 12-июнь, 2019-жыл. Бишкек.
Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулганы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аэропорттон тосуп алды. 12-июнь, 2019-жыл. Бишкек.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитине катыша турган өлкөлөрдүн башчылары Кыргызстанга келе баштады. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга саммиттин алкагында Бишкекке расмий сапар менен келди.

Сапардын жүрүшүндө Баттулга президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат. Анда эки тараптуу бир топ документтерге кол коюлмакчы.

Ошондой эле анын Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушуусу белгиленген. Баттулга Монголиянын Кыргызстандагы элчилигинин ачылышына катыша турганы айтылды.

ШКУнун курамындагы мамлекеттердин башчыларынын саммити 13-14-июнда өтөт. Жыйын соңунда уюмга төрагалык кылуу милдети Кыргызстандан Орусияга өткөрүлүп берилет. Саммитке Орусиянын, Казакстандын, Кытайдын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Индиянын жана Пакистандын лидерлери келмекчи. Байкоочу макамына ээ болгон Ооганстандын, Беларустун, Ирандын жана Монголиянын президенттери да жыйынга катыша турганы маалымдалган. (NT)

XS
SM
MD
LG