Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов парламент бир күч болуп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иштерин тизмектеп, тиешелүү органдарга өткөрүп бериши керек деп эсептейт. Мындай оюн ал бүгүн жалпы жыйында сүйлөп жатып айтты:
- Атамбаевдин бардык жасаган иштерине баа берип, укук нормаларын сактап, принципиалдуу позицияны карманып, Атамбаевдин аракеттерине баа беришибиз керек. Бул үчүн баарыбыз биригип, Атамбаевдин бардык иштерине баа берип, тизмектеп тизип, тиешелүү органдарга өткөрүп берүү зарыл. Эгер ушул ишти аткара албасак, анда Атамбаев айткандай, чыныгы чимкиригин тарта албаган адамдар болобуз. Эгер аткарсак, ким чимкирик экенин кыргыз элине көрсөтөбүз.
Мамытовго чейин ушундай эле өңүттө депутат Канатбек Исаев сүйлөдү. Ал да мурдагы президенттин ишине парламент баа бериши зарыл деген оюн айтты.
8-июнда Бишкекте митинг өтүп, анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев азыркы бийликти кескин сынга алган. Ал бийлик коррупция менен күрөштү шылтоо кылып саясий атаандаштарын куугунтукка алып жатканын билдирген.
Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган.
Азырынча депутаттын билдирүүсүнө мурдагы президент тараптан комментарий боло элек. (RK)