Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:50

АКШ Польшага кошумча аскерлерди жиберет


АКШнын Польшадагы аскерлери. 1-апрель, 2016-жыл.
АКШнын Польшадагы аскерлери. 1-апрель, 2016-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп 12-июнда америкалык жоокерлерди Польшада жайгаштыруу пландары боюнча маанилүү билдирүү жасайт. «Бул билдирүү коопсуздук чөйрөсүндөгү биздин өнөктөштүктүн келечеги тууралуу болот», - деди Ак үйдүн өкүлү.

Билдирүү Дональд Трамп менен Польшанын президенти Анжей Дуданын сүйлөшүүлөрүнөн кийин жасалат. Польшанын президенти буга чейин өз өлкөсүндө америкалык аскер базаны ачууну, аны «Форт Трамп» деп атоону сунуш кылган.

«Wall Street Journal» гезитинин маалыматы боюнча, Трамптын администрациясында Польшага миң америкалык аскерди жиберүү идеясы талкууланган. Алар туруктуу эмес, ротациялык негизде кызмат өтөшмөкчү. Бул жоокерлер учкучсуз учактарды сыноого катышып, америкалык контингенттин ишин камсыз кылышат.

Учурда Польшада төрт миңге жакын америкалык жоокер бар. Биринчи контингент Польшага 2017-жылы жиберилген.

XS
SM
MD
LG