Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:39

Москвада нааразылык жүрүшү өтүп жатат


Иван Голунов.
Иван Голунов.

Москвада Чистые пруды районунда журналист Иван Голуновду колдогон жүрүш өтөт деп пландалган жерге Орусия гвардиясынын кызматкерлери келишти. Полиция кызматкерлери жана коммуналдык кызматтардын жумушчулары металлдан тосмолорду орнотушту. Жүрүштүн алдында «Такие дела» басылмасынын журналисти Сергей Карпов кармалган.

Полиция үн күчөткүчтөр аркылуу Грибоедовдун эстелигинин алдында чогулган активисттерден тарап кетүүнү талап кылууда.

«Иван Голуновдун эркиндиги үчүн» аттуу акциянын уюштуруучуларына шаар бийлиги митинг өткөрүүгө уруксат берген эмес. Бирок «Фейсбукта» 25 миң адам жүрүшкө чыгууну пландап жатканын жазган.

«Медуза» басылмасынын журналисти Иван Голунов 6-июнда баңгизат соодасына байланыштуу шек саналып кармалган. Адвокаты анын чөнтөгүнө жана батирине баңгизат атайын ташталганын билдирген.

Голунов өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин кийинки убакта иликтеп жүргөн көрүстөн бизнесине байланыштырып жатат. Ал иликтөө ушул күндөрү жарыяланмак. Голунов кармалары менен Москвада жана Орусиянын бир катар шаарларында журналистти колдогон акциялар өттү. Жыйынтыгында ишемби күнү Москванын Никулин райондук соту анын ишин карап, 7-августка чейин үй камагына чыгарган. Бирок кечээ, 11-июнда Голуновго козголгон кылмыш иши токтотулган.

XS
SM
MD
LG