Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) экс-президент Алмазбек Атамбаевди колдогон мүчөлөрү парламентте ага карата айтылган дооматтарга макул эмес.
Партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева бүгүн, 12-июнда «Азаттыкка» комментарий берип жатып «депутаттар саясий буюртманы ишке ашырып, ар бирине берилген ролду жакшы аткарышты» деген оюн билдирди:
- Албетте, парламентте татыктуу депутаттар жок эмес. Бирок жалпысынан азыркы чакырылыштын деңгээлин жана рейтингин эске алганда, сүйлөбөй, тынч эле отурганы жакшыраак го. Экс-президентти жоопко тартуу маселесин көтөрүү кылдат даярдалган сценарий экени көрүнүп турду. Ролдорун жакшы аткарышты. Жогорку Кеңеш саясий буюртманы аткарып жатат. Бирок экс-президентти эл каматып коюп, унчукпай отуруп калбайт. Эгер бийлик от жандырам деп жатса, ошого барып көрсүн. Бирок бул бийликтин өзүнүн кыйрашына гана алып келчү себеп болот.
12-июнда Жогорку Кеңеште депутаттар Канатбек Исаев, Талант Мамытов жана төрага Дастанбек Жумабеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгүн жана соңку билдирүүлөрүн кескин сынга алып, аны кол тийбестиктен ажыратуу боюнча демилге көтөрүштү. Азыркы тапта бул сунушту 40тан ашуун депутат колдогону маалым болду.
Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Ал 8-июнда Бишкекте митинг өткөрүп, азыркы бийликти айыптаган. (RK)