Хуситтердин ракетасы аба майданынын залына түшкөн. Жарадар болгондордун арасында үч аял жана эки бала бар. Жалпысынан 26 адам жабыркады. Бул тууралуу Сауд Арабиясы башында турган араб коалициясы билдирди.
Мунун алдында хусит козголоңчулары дрондун жардамы менен куралдуу күчтөрдүн парадына абадан чабуул коюшканы кабарланган.