Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды бир жылга узартты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Брюсселде Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн элчилери Орусияга карата санкцияларды бир жылга узартууну колдошту. Сөз 2014-жылы Крымдын аннексиясынан кийин киргизилген чектөөлөр тууралуу болуп жатат.

Санкцияларды бекиткенден кийин бул чечимди Европа кеңеши жактырышы керек. Кеңешке Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери катышат.

Бул санкцияларга ылайык, Крымда чыгарылган бардык товарларды Евробиримдикке алып кирүүгө, айрым товарларды экспорттоого тыюу салынат. Санкциялардын алкагында европалык компанияларга Крым көпүрөсүнүн курулушу үчүн жабдууларды ташууга тыюу салынган. Мындан тышкары Евробиримдикке кирген өлкөлөр Крымга инвестиция сала албайт жана жарым аралда туристтик кызматтарды көрсөтө албайт.

XS
SM
MD
LG