Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:04

Зулушев: Атамбаевди бир нече факт боюнча жоопко тартса болот


Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге депутаттар коюп жаткан дооматтардын негизгиси - «ал бийликти узурпация кылып алган» деген айыптоо болуп турат. Депутат Курманкул Зулушев мурдагы президентти бир нече факт боюнча жоопко тартса болот деп эсептейт. Алардын биринчиси – 2016-жылдагы конституциялык реформа.

- Ошол конституциялык реформаны мыйзамсыз өткөргөнү үчүн биз чара көрбөйбүзбү? «Президенттик шайлоону, президентти тааныбайм» дейт. Кечээ эле шайлоо мыйзамдуу болгонун белгилебеди беле, бул киши? «Икрам Сатарович 30 миллионго жакын акча алып келгенде мен нес болдум» дейт. «Жаап-жашыруу» деген кылмыш беренеси бар. Сот реформасы эмес, сот бийлигин талкалоо болду. Сот бийлиги чөнтөк сотко айланды, - деди ал.

Атамбаевдин тарапкерлери парламенттеги демилгени «атайын даярдалган сценарий» деп атап жатышат. КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева:

- Ролдорун жакшы аткарышты. Жогорку Кеңеш саясий буюртманы аткарып жатат. Бирок экс-президентти эл каматып коюп, унчукпай отуруп калбайт. Эгер бийлик от жандырам деп жатса, ошого барып көрсүн. Бирок бул бийликтин өзүнүн кыйрашына гана алып келчү себеп болот, - деди.

Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Ал 8-июнда Бишкекте митинг өткөрүп, азыркы бийликти айыптаган.

12-июнда Жогорку Кеңеште аны кол тийбестиктен ажыратуу демилгеси көтөрүлүп, кол топтоло баштады. (RK)

XS
SM
MD
LG