Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

Цзиньпиң: Кыргызстан менен кызматташтыкты дагы тереңдетебиз


Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиңди тосуп алуу учурунан тартылган сүрөт. 13-июнь, 2019-жыл. Бишкек, Кыргызстан.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиңди тосуп алуу учурунан тартылган сүрөт. 13-июнь, 2019-жыл. Бишкек, Кыргызстан.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиң расмий жолугушуудан кийин чогуу билдирүү жасашты. Кытайдын лидери Кыргызстан менен кызматташууну дагы тереңдетүү аракеттери көрүлө турганын билдирди.

- Биз президент Сооронбай Жээнбеков менен мазмундуу сүйлөшүү өткөрдүк. Кыргыз-кытай алакаларын өнүктүрүү, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк, «Бир алкак, бир жол» долбоорунун алкагында жана башка багыттарда көз караштарыбызды алмаштык. Кенен макулдашууларга келдик. Биз ысык мамиле калыбына келген 27 жылдык бирге өткөргөн ажайып жолду чогуу жыйынтыктадык. Биздин эки тараптуу мамилебиз өзгөрмөлүү эл аралык мамилелердин сынынан өттү, биздин бирдей укукта жана бири-бирибизге пайда алып келген кызматташтыгыбыз эл аралык мамиленин эталону катары жаңы үлгүнү көрсөттү. Биз президент Жээнбеков менен ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча билдирүү кабыл алдык, - деди Си Цзиньпиң.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да эки өлкөнүн мамилесинин чыңдалышына салым кошкондугу үчүн кытайлык кызматташына ыраазычылык билдирип, эки тараптуу мамиленин негизги пландары жана узак мөөнөттүү иш-чаралары макулдашылганын кошумчалады.

Мунун алдында Жээнбеков Си Цзиньпиңди 1-даражадагы «Манас» ордени менен сыйлады.

Жолугушуунун жыйынтыгында сүт азыктарын, айыл чарба азыктарын өндүрүү, өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү, интеллектуалдык менчик, ИИМге техникалык жардам көрсөтүү, экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, таза суу тармагында, Бишкек шаарында көчөлөрдү оңдоо жана Ош шаары менен Кытайдагы үч шаардын ортосунда боордоштук мамиле түзүү боюнча келишимдерге кол коюлду. (BkA\ErN)

XS
SM
MD
LG