Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Аравандык багбандар Кытайга 35 тонна кокон гилас экспорттоду


Кытайга экспорттоо үчүн таңгакталган кокон гилас.
Кытайга экспорттоо үчүн таңгакталган кокон гилас.

35 тонна кокон гиласты аталган райондун багбандары коңшу өлкөгө 2019-жылдагы сезондо жөнөтүштү. Учурда жемиштин аталган түрүн Кытайга экспорттоо иштери да күтүлүп жатат.

«Араван-Агросервис» ишканасынын жетекчиси Шахрух Умаровдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, USAID уюмунун көмөгү менен аймакта жашылча-жемиштерди жууп-тазалап, таңгактап сактоочу атайын логистикалык борбор ачылган. Кокон гиластын бир килограммы Кытайга 280 сомго чейин сатылууда.

Буга чейин Кытай мамлекети менен айыл чарба өндүрүмүнүн айрым түрлөрүн экспорттоого келишим түзүлгөн. Анда кокон гиласты аба жолдору менен гана ташууга уруксат берилген эле. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги быйыл жазда жемиштин аталган түрүн транспорт менен ташууга уруксат берүүнү Кытайдан өтүнүп жаткан.

2017-жылы Кыргызстан Кытайга 40 тонна кокон гилас жөнөткөн. 2018-жылкы статистика белгисиз. (ZKo\ErN)

XS
SM
MD
LG