Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, депутат Аида Касымалиева Нарын облусунда ординаторлорду, жаш дарыгерлерди колдоо үчүн жакшы шарттар түзүлгөнүн, мындай ыкманы башка аймактарга да жайылтса болорун айтты. Бул тууралуу ал 13-июнда парламенттин жалпы жыйынында өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаевге кайрылып жатып билдирди.
- Мындай ыкманы өзүбүз башка аймактарга да жайылтып уюштурсак болот. Ар бир айылда айыл өкмөттөр, мамлекеттик үйдү алып коюп, айылга келген жаш ординаторлорду, жаш дарыгерлерди кармап калышы керек. Алар 7-8 жыл окушкан, мекенчил, билимдүү жаштар. Бардыгы «шарт болсо аймактарда калат элек» дешет. Бирок шарт жок, айлыгы аз, беш миң сом. Андыктан дарыгерлердин айлыгын көтөрүү зарыл. Ипотекалык турак жай алганда да мугалимдер менен дарыгерлерге өзгөчө категория каралып чыгышы боюнча кечээ тапшырма бердим. Мындан ары да ар бир аким, айыл өкмөтү жаш дарыгерлерге кандай шарт түзүп берүүдө, айылдык кеңештер да кошумча айлык акы чыгарып бериш үчүн, атайын чечим чыгарып беришсин. Мындай практика Чаткалда, Сүлүктүдө бар. Бул демилгени жалпы республикалык системага салышыбыз керек, - деди Касымалиева.
Вице-спикер Аида Касымалиева 9-10-июнда Нарында ординаторлор менен жолуккан. Анда ал Швейцария элчилигинин көмөгү менен оорукананын жанындагы эски имараттарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, ординаторлорго жатакана кылып берген имаратты көргөн. Ал жерде жашаган ординаторлор, жаш дарыгерлер айлык акынын аздыгын, жаш дарыгерлерге колдоо жок экенин, турак жай алууга мүмкүнчүлүк түзүлбөгөндүгүнө даттанышкан. (ErN)