Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Трамп Орусиядан атаандаштарына каршы компроматтарды алууга даяр


АКШнын президенти Дональд Трамп.
АКШнын президенти Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп саясий атаандаштарына каршы Орусия же башка чет мамлекет берген компроматты колдонуу уят эмес деп эсептейт.

- Бул биздин саясий процесске кийлигишүү эмес, - деп билдирди Трамп «ABC News» телеканалындагы маегинде. - Бул – саясий күрөштө кадыресе жүрүш. Эгерде мага ушундай маалыматтарды сунуш кылса, анда мени алдаганга аракеттенип жатканын сезгенде гана ФБРге кайрылам.

Президенттин мындай пикири демократтардын көз карашына да, ФБРдин директору Кристофер Рэйдин позициясына да каршы келет. Кристофер Рэй бардык саясатчыларга мындай кырдаалда тартип коргоо органдары менен байланышууну сунуш кылат.

Трамп өмүрүндө бир да жолу ФБР менен байланышпаганын билдирди.

- Эгерде сизге зыянын тийгизиши мүмкүн болгон сунушту уксаңыз ал адамды кууп чыгасыз. Бирок ФБРге чалбайсыз да, туурабы? Жок, жашоодо мындай болбойт, - деди Трамп.

Кечээ президенттин улуу баласы 2016-жылы жайында орусиялык юрист Наталья Весельницкая менен жолугушуусу тууралуу конгрессмендердин суроолоруна жооп берген. Юрист Весельницкая Трамптын штабына Демократиялык партиядан талапкер Хиллари Клинтонго компромат бере алаарын айткан. Акыр аягында Весельницкаяда мындай маалымат жок экени белгилүү болгон. Трамп бул жолугушуудан жаман нерсе көрбөгөнүн айтып келет.

Атайын прокурор Роберт Мюллер узакка созулган иликтөөдөн кийин «Орусия Трамптын шайлоо өнөктүгүнүн пайдасына иш алып барган, бирок алардын ортосунда көмүскө бүтүм болгон эмес» деген корутунду берген.

XS
SM
MD
LG