Линктер

жекшемби, 16-июнь, 2019 Бишкек убактысы 22:51

Өзбекстандын президенти жана Индиянын премьер-министри Бишкекке конду


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Шанхай Кызматташтык Уюмундагы (ШКУ) мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Кыргызстанга келди.

Өкмөттүн аппараты кабарлагандай, «Манас» эл аралык аэропортунан 13-июнда Мирзиёевди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Модини вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды.

Расмий сапардын алкагында Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен да жолугушат. Эки мамлекет башчынын жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө.

ШКУнун саммити Бишкекте 14-июнда өтөт. Ага Кыргызстанды кошкондо 12 өлкөнүн президенттери катышат. 12-июнда алгачкылардан болуп Кыргызстанга Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга жана Кытайдын лидери Си Цзиньпиң келди. 13-июнда Ооганстан Ислам Республикасынын президенти Мохаммад Ашраф Гани Бишкекке келип түштү. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG