Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Беларус президенти менен Пакистандын премьер-министри Бишкекке келди


Александр Лукашенкону Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
Александр Лукашенкону Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Шанхай Кызматташтык Уюмундагы (ШКУ) мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Беларустун президенти Александр Лукашенко менен Пакистандын премьер-министри Имран Хан Кыргызстанга келди.

Өкмөттүн аппараты кабарлагандай, «Манас» эл аралык аэропортунан Лукашенкону кыргыз өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев, Ханды вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды.

Мунун алдында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Ооганстандын президенти Мохаммад Ашраф Гани, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Кыргызстанга келген. Кечээ Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга жана Кытайдын лидери Си Цзиньпиң Бишкекке келип түшкөн.

ШКУнун саммити Бишкекте 14-июнда өтөт. Ага Кыргызстанды кошкондо 12 өлкөнүн президенттери катышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG