Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13- июнда, Шанхай Кызматташтык Уюмундагы (ШКУ) мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.
Президенттик аппарат кабарлагандай, эки мамлекеттин башчылары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу актуалдуу маселелерди кеп кылышты. Соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана чек ара боюнча кызматташтыкты арттыруу боюнча чаралар талкууланды.
Сооронбай Жээнбеков жана Шавкат Мирзиёев мындан ары да эки тараптуу мамилелердин бардык багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө даяр экендигин билдиришти.
ШКУнун саммити Бишкекте 14-июнда өтөт. Ага Кыргызстанды кошкондо 12 өлкөнүн президенттери катышат. (ErN)