Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:35

Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча комиссиянын курамы бекитилди


Алмазбек Атамбаев 8-июндагы Бишкектеги митингден кийин.
Алмазбек Атамбаев 8-июндагы Бишкектеги митингден кийин.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча сунушту талдап чыга турган убактылуу депутаттык комиссиянын курамы бекитилди.

Комиссияга алгач КСДП фракциясынан Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев жана Максатбек Эгембердиев, «Республика - Ата Журт» фракциясынан Талантбек Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Мирлан Бакиров, «Кыргызстан» фракциясынан Жаныбек Исаев, Алмазбек Токторов, «Бир Бол» фракциясынан Дүйшөн Төрөкулов жана «Ата Мекен» фракциясынан Каныбек Иманалиев бекитилди.

КСДП фракциясынын депутаты Асел Кодуранованын «вице-спикер убактылуу комиссияга кире албайт» деген сын-пикиринен кийин Мирлан Бакировдун ордуна депутат Алтынбек Жунус уулу тандалды.

Комиссия түзүү боюнча чечимди 96 депутат, анын курамын бекитүү боюнча чечимди 95 депутат колдоп добуш берди.

Мунун алдында депутат Канатбек Исаев Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча сунушун Жогорку Кеңештин 60 депутаты колдоп, кол коюп бергенин билдирген. Алты фракция лидери кол койгон сунушту тармактык комитет карап, жалпы талкууга алып чыкты. Жалпы жыйында түзүлгөн комиссиянын ишине бир апта мөөнөт коюлду.

Комиссия депутаттардын экс-президентке койгон дооматтарын карап чыгып, Алмазбек Атамбаевге чара көрүү жөнүндө сунуш киргизет. Башкы прокуратура айыптоолордон кылмыш ишин козгоого негиз тапса, кайра парламентке кайрылат. Жогорку Кеңештин үчтөн экиси, 80 депутат колдосо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден экс-президент макамы алынат. (ErN)

XS
SM
MD
LG