Линктер

шейшемби, 25-июнь, 2019 Бишкек убактысы 04:17

Жээнбеков менен Токаев кыргыз-казак алакаларынын жаңы барактарын такташты


Касым-Жомарт Токаев жана Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков Шанхай Кызматташтык Уюмундагы (ШКУ) мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен 13-июнда жолугушту.

Президенттик аппарат билдиргендей, эки тараптуу, анын ичинде ЕАЭБдин, ЖККУнун жана ШКУнун алкагындагы мамилелердин мындан аркы өнүгүшүнүн азыркы абалы жана келечеги талкууланды.

Жээнбеков Токаевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, анын мындан аркы ишине ийгилик каалады. Кыргыз президенти казак кызматташын Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө дагы бир жолу чакырды.

Казакстан президенти жаңы шайланган мамлекет башчысы катары алгачкы чет элдик иш сапары менен Кыргызстанга келгени үчүн кубанычта экенин белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев боордош Кыргызстан менен кызматташтыкты тереңдетүү жана өнүктүрүү үчүн бардык аракетин жумшай турганын билдирди.

9-июнда өткөн кезексиз шайлоодо Касым-Жомарт Токаев калктын 70 пайыздан ашык добушун алып жеңишке жеткени жарыяланган. Анын инаугурациясы 12-июнда өттү. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG